АПТАСОБОЛ: Коомчулукта чиновниктердин декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтары толук эмес деген шек жаралууда. Декларация - формалдуулук үчүн эле болуп калган жокпу?

Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы расмий сайтына Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери, чыгашалары жана мүлкү жөнүндө жыйынды маалыматтарды жарыялады. Анда чиновниктердин жазылган мүлктөрү коомчулукта талкуу жаратты.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Коомчулукта чиновниктердин декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтары толук эмес деген шек жаралууда. Декларация - формалдуулук үчүн эле болуп калган жокпу?" деген собол салды.

ОСМОНАЛИЕВ: "Декларацияда мүлктөрүн жашырган чиновниктер жазаланышы керек"

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев декларация толтурууда мүлктөрүн жашыргандар жазаланышы керектигин билдирди.

"Мыйзам боюнча бардык кызматкерлер декларация толтурушу керек. Кирешеси, чыгашасы дагы толтурулушу шарт. Ар бир мыйзамды сыйлаган жаран мүлктөрүн декларацияда көрсөтүшү зарыл. Өкүндүргөнү, көпчүлүк атайын декларацияга мүлктөрүн азайтуу жолу менен көрсөтүп жатат. Реалдуу кирешесин, чыгашасын дагы көрсөтпөгөнү одоно мыйзам бузуу болуп саналат. Жаңы Конституцияга ылайык, президент мүлктөрүн жашырган кызматкерлерди иштен алып жазалашы керек. Элди алдап, туура эмес көрсөткөндөн кийин декларация толтуруунун эмне кереги бар? Бул жаштарга тескери сабак болуп жатат. Бардык чет мамлекеттерде көз боёмочулук менен декларация толтуруу кылмыш иши деп бааланат", - дейт Каныбек Осмоналиев.

АБДИРАСУЛОВА: "Декларация туура тапшырылышы үчүн бирдиктүү мамлекеттик база болушу керек"

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова декларация тапшыруу мамлекет үчүн керек экенин белгиледи.

"Декларация деген керек. Айрыкча чиновниктердин, мамлекеттик чоң кызматтагы адамдардын, салык төлөгөндөрдүн эсебинен жашаган, айлык алгандардын декларациясы ачык болушу керек. Декларация бир жылда эле коомчулукка сиңип кете турган нерсе эмес. Декларация канчалык деңгээлде туура, туура эмес экени, бардык чындык берилип жатабы дегенди билиш үчүн коомчулук даяр болушу керек. Былтыркы декларация менен быйылкы декларацияны салыштыра билүү зарыл. Салык төлөгөндөр өздөрүнүн акчалары кайда кетип жатканын билүүгө укуктуу. Бул чиновниктердин коррупцияга аралашып кеткенинин алдын алат. Декларация кереги жок деген болбойт. Кыргыз өлкөсүнө биометрикалык каттоону алып келгенде ката кетиргенбиз. Бул жетишкен өлкөлөрдө социалдык коргоо катары ошол адамдын кандай оору менен ооруганы, кайсы окууну бүткөнү, кимге үйлөндү, кандай мүлктөрдү сатып алды дегендер кириши керек. Биз биометрикалык каттоону саясатка байлап койдук. Биометрика тапшыргандар шайлоого барат дегенди байлап койдук. Декларация туура тапшырылышы үчүн салык төлөгөндөр чиновниктерге байкоо жүргүзүү үчүн бирдиктүү мамлекеттик база болушу керек", - дейт ал.

КАДЫРБЕКОВ: "Чиновниктер декларациясын жашырса келечекте кылтакка илинип калышат"

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков чиновниктердин декларацияны толук толтурушу өзүнө пайдалуу экенин билдирди.

"Чиновниктер декларациясын толук толтурбаса келечекте өзүнүн биографиясына балта чаап жатат. Кийин ар кандай саясий маселенин негизинде аларга кылмыш иши козголуп калса, мыйзамсыз байлык алды дей турган болсо көрсөтө турган документ бул декларация. Бүгүнкү тапкан акчасы кайда кетип жатканын декларацияга жазса, кийин кылмыш иши козголуп калса декларациясын көрсөтө алышат. Чиновниктер декларациясын жашырса өздөрүнө кылтак илип алат дагы келечекте кылтакка өздөрү илинип калышат. Чиновниктер келечегин ойлосо, жашырбай декларацияны толук толтурушу керек", - дейт Ишенбай Кадырбеков.

ТАЖЫБАЙ: "Декларация бул формалдуулук болуп калды"

Саясат таануучу Алмаз Тажыбай декларация тапшыруу формалдуулук болуп калганын айтты.

"Колунда бар ишкерлер бийликке келип, кайра кетип жүрүшөт. Алар сот системасына өздөрү дагы ишенбейт. Анан ишенбестиктен кылмыш менен кармалып, сот мүлкүн алып койбосун деген себептер менен байлыктарын туугандарына жаздырып койгон учурлар бар. Колунда бар экенин элдин баары көрүп турса, декларация тапшырганда бир байкуш болуп калганы нааразычылык жаратат. Эл чындык менен жашаш керек. Саясатчылар чындыкты жазбай, элди алдап жатса туура эмес жолдо жүргөнүн белгилейт. Атамбаевдин учурунда туугандарына жазылган мүлктөр дагы тартылып алынган. Жаңы бийлик алмаштырылгандан бери элде "кустурма" деген түшүнүк иштеп жатат. Мындан улам декларация формалдуу түр болуп калды. Ошондо биз өзүбүздүн тагдырыбызды алдамчыларга тапшырып койдукпу деген күмөн жаралып калат", - дейт ал.

ТОКТОНАСЫРОВ: "Декларацияда калп маалымат көрсөткөн чиновниктер жоопко тартылышы керек"

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров декларация бул формалдуулук болуп калган деген пикирин айтты.

"Декларация формалдуулук болуп жаткан үчүн айрым чиновниктер калп айтып жатышат да. Кээ бир чиновниктер жашаган турак жайларын көрсөтпөй коюшкан. Демек бул жасалма. 21-кылымда эл ким калп айтып жатканын билет да. Декларацияда калп маалымат көрсөткөн чиновниктер жоопко тартылышы керек", - дейт Токтонасыров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан