2010-2013-жылдар аралыгында прокуратура тармагында иштеген 17 кызматкер иштен бошотулуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Муну бүгүн, 16-ноябрда Башкы прокуратурадагы коллегиялык жыйында башкы прокурордун орун басары Каныбек Турдумамбетов билдирди. Турдумамбетов прокуратуранын ишин жакшыртуу үчүн кызматкерлердин кесиптик тажрыйбасын жогорулатуу иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.