Бишкекте түн ичинде кафенин жанында ок чыгарган адам кармалды

Бишкекте милициянын кайгуул кызматкерлери бейбаштыкка шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-декабрда болжол менен саат 00:40 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Фатьянов көчөсүндө жайгашкан кафелердин биринин жанынан белгисиз жаран ок чыгарып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери барган учурда белгисиз жаран белгисиз курал менен ок чыгарууга аракет кылып жаткандыгы аныкталган. Чакыруу менен барган милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Ш.А. аттуу жаран кармалган. Текшерүү учурунда кармалган жарандын Лексус 570 үлгүсүндөгү унаасынын ичинен белгисиз үлгүдөгү ок атуучу курал 38 патрону менен, газотравматикалык тапанча 21 патрону менен табылган.

Бул факты боюнча кармалган жаран жана жанынан табылган куралдар Биринчи Май райондук РИИБинин тергөө кызматына андан ары чара көрүү үчүн жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bratanyn
2021-12-09 08:22:20
Бул дагы акчасына мас болгон бирөө да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан