Депутат Дастан Бекешев 2022-жылы пенсия канчага көбөйө турганын сурады

Кечээ, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев 2022-жылы пенсия канчага көбөйө турганын сурады.

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев 2022-жылы пенсияны 350-500 сом өлчөмүндө көбөйтүү каралганын кошумчалады.

Депутат Айнура Осмонова азык-түлүк, дары-дармек кымбаттаганын жүйө келтирди. “500 сомго көтөрүп коюу менен эле маселе чечилбейт. Андыктан пенсионерлерди колдоо багытында кандай аракеттерди көрөсүздөр? Программаңыздар барбы?” деген суроолорду берди. Бактияр Алиев пенсияны көтөрүүгө 770 миллион сом каралганын маалымдап, бирок атайын программасы жок экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан