SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну кайрылды.
Окурман мектептерге таратылып жаткан гезиттин ордуна тест, маселе боюнча китептер чыгарылып таратылса деген оюн айтты.
"Бул көйгөй бардык эле мектептерде бар. Гезитке 300 сомдон баштап 600 сомго чейин төлөйбүз. Ушул гезиттердин ордуна ар бир сабак боюнча тест, маселе китептерди чыгарып берсе, мугалимдерге пайдалуу болмок. Гезиттен сырткары ай сайын айлыгыбыздан социалдык фонд, салык төлөйбүз. Ошончо жыл акча төлөп, бирок пенсияга эл катары 3000 сом менен чыгабыз.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич, мугалимдердин көйгөйлөрүн чечип берүүңүздү суранам", - деп кайрылды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.