Депутат Айбек Осмонов "аткаруу бийлигине жардам берели" деп эл өкүлдөрүнө кайрылды

Депутат Айбек Осмонов "аткаруу бийлигине жардам берели" деп эл өкүлдөрүнө кайрылды. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Өлкөдө көйгөйлөр көп. Ар бирибиз өзүбүздүн жерлерибизди айтабыз. Келгиле, аткаруу бийлигине жардам берели. Ошол көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун сунуштайлы. Дүйнөдө эң өнүккөн мамлекеттерди карап көрсөк, биринчиден, билим берүү системасына басым жасашат. Экинчиден, саламаттыкты сактоо тармагына, үчүнчүдөн, экономикага көңүл бурушат. Биз билим берүүгө басым жасай турган болсок, 600 мектеп жана балдар бакчасы жетишпейт. Аткаруу бийлигине казынаны толтуруу сунушун айталы. Менде сунуштар бар. Аткаруу бийлигиндегилер телефондорун алышпайт", - дейт Айбек Осмонов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан