Депутат Строкова: "УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаев 11 айдан бери камакта жатат"

Депутат Евгения Строкова УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин тарапташтары ага кайрылганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мага Абдил Сегизбаевдин тарапташтары кайрылды. Ал 11 айдан бери камакта отурат. Ага 6 кылмыш иши козголгон. Эч кандай жылыш жок. Ал өз кезинде президенттик шайлоого катышкан. Азыркы бийлик мындай адамдардын дараметин колдонушу керек. Аларды маанисиз камакка алуунун кажети жок", - дейт Строкова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан