Депутат Карамушкина Бишкекти аралаган жылкылардын ээсин жазалоону сунуштады

Депутат Ирина Карамушкина Бишкекти аралаган жылкылардын ээсин жазалоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Бир жылдан бери Бишкектеги Асанбай кичи районунда жылкылар жүрөт. Балдар аянтчасы жайытка айланды. Жылкылардын ээси ким? Тийиштүү органдардан эч кандай реакция көрбөй жатам. Жылкылардын ээсин жазалоону сунуштайм", - деди ал.

Министрлер кабинетинин өкүлү бул маселе эске алына турганын айтты.

Буга чейин социалдык тармактарга жылкылар түн ичинде шаардагы көчөлөргө чейин чыгып, көп кабаттуу үйлөрдү аралап жүргөн видеосу тараган. Ээси белгисиз жылкылар Бишкектеги Асанбай, 11-кичи райондорун аралап кеткени окурмандар тарабынан айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан