Кыргыз Республикасынын Эл артисти Назира Мамбетова эл аралык Экономикалык кызматташтык уюмунун сыйлыгы менен сыйланды. Сыйлыкты маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов тапшырды.
Министрликтен белгилешкендей, актриса Назира Мамбетова "Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу" номинациясы боюнча Экономикалык кызматташтык уюмунун медалы жана 5 миң доллар акчалай сыйлык менен сыйланды.
Азамат Жаманкулов мындай эл аралык сыйлыкты Назира Мамбетованын алышы жалпы маданият тармагы үчүн сыймык экендигин белгилеп, мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалады.
Экономикалык кызматташтык уюму - 1985-жылы түзүлгөн жана Аймактык кызматташтык жана өнүгүү уюмунун мураскери болуп саналат. Уюм 1977-жылдын мартында үч уюштуруучу өлкө - Иран, Пакистан жана Түркия тарабынан кол коюлган уставдын - Измир келишиминин негизинде иш алып барат.
Экономикалык кызматташтык уюмунун 14-саммитинин алкагында Кыргыз Республикасынан "Маданият, тарых, адабият жана көркөм сүрөт искусствосу" номинациясы боюнча бир катар өнөр адамдары сунушталып, анын арасынан Мамбетова Назира Исмаиловнанын талапкерлиги жактырылган.