Өлкөдө жайыттар 20 жылга айыл чарба багытында колдонууга жана иштетүүгө берилет

Жайыттар жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлер кабинети мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеш жыйынында айыл чарба министринин орун басары Нурлан Шерипов билдирди.

Анын айтымында, мыйзамдын негизги концепциясы - асылдуулугу төмөн жайыттарды жарандарга колдонууга жана иштетүүгө берүү. Өлкө боюнча 9 жарым миллион гектарга жакын жайыт жерлери болсо, анын кунардуулугу төмөн жайыттардын аянты жарым миллион гектарга жакын.

“1 гектарына 12 сомдон төлөнөт. Колдонууга берилгенден кийин багбанчылык менен иш кылса 205 сомдон айланат. Бул жумушчу орундарын түзүүгө жана кунардуулугу төмөн жайыттардын түшүм берүүсүн көтөрүүгө алып келет, ошондой эле салык базасы да кеңейет. Айыл чарба багытындагы жерлерди мыкты деңгээлге алып чыгат деген пикирдебиз,” – деп белгиледи айыл чарба министринин орун басары.

Жайыттар кантип берилери жөнүндө депутат Дастан Бекешов суроо салды: "Конкурс ачык өткөрүлөбү же олигархтар ээлеп калышабы? Бардыгы ачык-айкын болуш үчүн атайын сайт ачылып, ага жарыяланышы керек", - деди Бекешев.

Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрүнүн билдирүүсүндө жайыттар 5 жылдан 20 жылга чейин кооперативдерге, чоң чарбаларга, калган 25 пайызы жөнөкөй жарандарга берилет. Жайыттар менчикке өтпөйт. Эгер аны алган адам жакшы өздөштүрүп, өнүктүрүп, максаттуу пайдаланса ижара акысы 640 сомго чейин жогорулайт. 20 жылдан кийин да мөөнөтүн узартууга болору да кабарланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан