Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева кийинки чакырылыштын келе турган депутаттарына өз ара чечишип иш бөлмөнү бербөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-декабрда парламенттин жыйынында билдирди.
"Урматтуу депутаттар, өзүңүздөрдүн иш бөлмөңүздөрдү кийинки чакырылыштын депутаттарына бербеңиздер. Кийинки чакырылыштын депутаттарынан комиссия түзүлүп, алар өздөрү чечиши керек", - дейт ал.