Жантөрө Сатыбалдиев кинематография кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Кыргыз киносунун күнү менен кинематографисттерди куттуктады. Куттуктоонун тексти:

 

“Урматтуу кинематографиянын кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик  майрамыңыздар – Кыргыз киносунун күнү  менен куттуктайм. Кыргыз  киносу биздин улуттук маданияттын бөлүгү болгон өзүнүн тарыхына ээ. Жыл сайын бул майрамды кинонун чебер жана жаш адистери гана эмес, республикабыздын миңдеген  көрүүчүлөрү  дагы  белгилешет.

 

Азыр улуттук кинематографиябыз кино өндүрүштө өзгөчө көтөрүлүүнү баштан өткөрүүдө Адамдын ички дүйнөсүн чагылдырган, улуттук салт-санааларды сактаган, азыркы замандагы коомдун  маанилүү социалдык жана рухий маселелерин чагылдырган, түрдүү жанрдагы жана багыттагы тасмалар тартылып жатат.

 

Жыл башынан бери кыргыз кинематографисттеринин тасмалары түрдүү эл аралык кинофестивалдарда көрсөтүлдү. Жана алардын мыктылары байгелүү болушту. 14 тасманы жаратуучулар эл аралык кинофестивалдардын наамдары жана сыйлыктары менен сыйланышты. Бизди кубандырганы, дүйнөлүк кинопроцесске катышуу менен силер Кыргызстандын жакшы имиджин түзүп жатасыңар. Кинематографтын аркасынан дүйнө биздин чакан өлкөбүздү, анын адамдарын, тарыхын жана маданиятын таанып отурат.

 

Азыркы учурда кыргыз кинематографисттеринин алдында бир катар маселелер турат. Улуттук кинематографиянын материалдык – техникалык базасын чыңдоо жана кино өндүрүштү каржылоону  көбөйтүү – бул  мамлекет үчүн маанилүү маселелердин бири, себеби кино тармагы улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

 

Урматтуу кинематографисттер!

 

Кыргыз киносунун күнү менен куттуктап, сиздерге бекем ден соолук, чыгармачылык ийгилик, бакытты жана өнүгүп-өсүүнү каалайм”.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан