ЭЛДИК КАБАР: Бишкектик тургун: "Электр жарыгынын акчасын кечиктирбестен төлөп келебиз, эмнеге өчүрө беришет?"

SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Бишкек шаарынын тургуну кайрылды.

Окурман электр жарыгы байма-бай өчүрүлүп жатканын айтып, нааразы болду.

"Аламүдүн" базарынын ылдый жагында жашайбыз. Эмне үчүн "Түндүк электр" ишканасы улам электр жарыгын өчүрүп жатат? Биз ай сайын электр энергиясы үчүн төлөмдү кечиктирбестен төлөп келебиз.

Менин жумушума тоскоол болуп жатат. Үйдө тигүүчү болуп иштейм. Жумушка отурсаң электр жарыгы жок. Кечке чейин күтүп отурганга болобу?", - деп суроо салды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан