Садыр Жапаров Адам укугун коргоо күнүнө байланыштуу кайрылуу жасады

Бүгүн, 10-декабрда президент Садыр Жапаров Адам укугун коргоо эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

"1948-жылдын 10-декабрында Бириккен улуттар уюму тарабынан алгачкы эл аралык документ - Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган. Анда инсандын негизги укуктары жазылып, алар менен бирге эркиндигин да коргоонун негизги принциптери түзүлгөн. Азыркы учурда аталган документ жана анын жоболору мамлекеттин демократиялык негиздерин бекемдөөдө чечүүчү ролду ойнойт.

Кыргыз Республикасы - дүйнөлүк шериктештиктин адамдын жана жарандын укуктарын чыңдоо, зомбулуктан коргоо, тургундарга татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылууга байланышкан демилгелерди колдоого алган тең укуктуу мүчөсү. Кыргыз өлкөсүнүн мыйзамдарына ылайык, күчүнө кирген эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери өлкөнүн мыйзамдар тутумунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

Бүгүн биз жашообузду адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндигин коргоодогу демократиялык баалуулуктарсыз элестете албайбыз. Мындай жетишкендиктердин ишеничтүү өбөлгөсү - аларды мындан ары чыңдоо.

1993-жылдын 5-майында конституциялык түзүлүштүн негиздеринин катарында адамды, анын укуктары менен эркиндигин жогорку асыл-нарк деп жар салып, Кыргыз Республикасы укуктук мамлекетти андан ары өркүндөтүү жолуна түшкөн. Негизги мыйзам өзүнө эл аралык тажрыйбаны камтып, өлкөнүн саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүндөгү жаңы тепкичти белгиледи.

Акыркы жылы мамлекеттин жетекчилиги астында өлкөнү өнүктүрүү боюнча жаңы кадамдар кабыл алынды. Республиканын тургундарынын экономикалык жана социалдык укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн ишенимдүү пайдубал түптөлдү. Ошондуктан жарандардын аталган жааттагы укуктарын орундатуу үчүн шарттарды түзүү, балдарды колдоо, үй-бүлөлүк бакубаттыкты түзүү, пенсия курагындагы жарандарга чыныгы кам көрүү бардык деңгээлдеги бийлик түзүлүштөрүнүн биринчи кезектеги милдети болуп калды.

Динине, жынысына, улутуна, тилине, саясий көз караштарына карабастан, ар бир кыргыз жараны укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо Конституция менен кепилденген. Мындай укуктук мамлекетибизди андан ары өнүктүрүү - Кыргыз мамлекетинин бардык бийлик бутактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы максаты.

Чыныгы укуктук коомду курууга багыт алган жолду жеңил деп айтууга болбойт. Ар бирибиз экономикасы туруктуу жана социалдык саясаты өнүккөн мамлекетти курууга өбөлгө түзүү үчүн бардык күчүбүздү жумшашыбыз керек. Биз күч-аракеттерибизди бириктирип, Кыргыз жарандарынын укуктарын жана эркиндигин сактоо аркылуу гана абалды жакшы жагына өзгөртө алабыз деп ишенем", - деп жазылат кайрылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан