Нуржан Шайлдабекова: "Бир катар шайлоо тилкелеринде добуштарды кайра саноо жүргүзүлөт"

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кечээ БШК жыйынында кайсы партиялар шайлоо тилкелериндеги добуштарды санап чыгууну каалашканын жана кайсы участоктордо кайра саноо жүргүзүлөрүн айтты:

  • №4 Көк-Жар округунда - «Бүтүн Кыргызстан», «Ынтымак» жана «Альянс» партиялары боюнча
  • №5 Ноокат шайлоо округунда - «Бүтүн Кыргызстан» партиясы
  • №6 Араван шайлоо округунда - “Альянс” жана “Эл үмүтү” партиялары
  • №7 Ош округу боюнча - «Ата-Мекен», «Альянс» жана «Эл үмүтү» партиялары
  • №8 Төлөйкөн округу боюнча - «Ата-Мекен» жана «Эл үмүтү» партиялары
  • №13 Сузак округу - «Эл үмүтү» партиясы
  • №14 Жалал-Абад округу боюнча - «Эл үмүтү» партиясынын кайрылуусу боюнча кайра саноо жүргүзүлөт.
  • Ал эми Ала-Бука районунун №18 округунда бир гана тараптын кайрылуусу болгон. Башка шайлоо участкаларында бузулган бюллетендер боюнча гана арыздар кайра саноодо кабыл алынары белгилүү болду.

"Ата-Мекен" партиясы 19 шайлоо тилкелеринин жараксыз бюллетендери боюнча арыз менен кайрылып, алардын жараксыздыгынын себебин аныктоону өтүндү. Азыр "Ата-Мекен" жана "Ынтымак" партияларынын кайрылуулары боюнча талдоо жүргүзүлүп, бул маселе боюнча жумушчу топ түзүү каралды", - деди Шайлдабекова.

  • №20 Манас району боюнча – “Альянс жана “Социал-демократтар” партияларынын кайрылууларынын негизинде
  • №21 Талас шайлоо округу боюнча — Социал-демократтар партиясынын талабы боюнча.
  • № 32 Кочкор шайлоо округу боюнча — Ынтымак партиясынын талабы боюнча
  • №26 Ысык-Көл району – «Альянс» жана «Ынтымак» партияларынан талабы боюнча.
  • №30 Ысык-Ата шайлоо округу боюнча эсептөөлөр боюнча «Альянс» партиясынын кайрылуусунун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча кайрадан жыйынтыктар эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан