SUPER.KG порталына окурман "Кыргызстан коммерциялык банкына" ипотекалык насыяны төмөндөтүлбөгөн пайыз менен төлөп жатканын билдирди.
"Октябрь айында министрлер кабинети ипотеканын пайызын төмөндөтүү боюнча жарлык чыгарган. Бирок биз дагы деле "Кыргызстан коммерциялык банкына" 8 пайыз менен төлөп жатабыз. Октябрь айынан баштап 6 пайыз менен төлөшүбүз керек болчу. Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын сайтында дагы пайызды төмөндөтүү боюнча жаңылык турат. Башка банктын бардыгы 2 пайызга төмөндөтүптүр. Ар бир банк Мамлекеттик ипотекалык компаниясы менен макулдашуу түзөт да. "Кыргызстан Банкы" пайызды төмөндөтүү боюнча макулдашуу түзүүдөн баш тартыптыр. Бул мамлекеттик программа болуп жатса, банктын баш тартканы туура эмес да", - дейт окурман.
Мамлекеттик ипотекалык компаниясынын башкармалыгынын төрайымы Аида Төлөгөновага байланышсак, ал төмөндөгүдөй жооп берди. "Бул көйгөй бар. "Кыргызстан Банк", "Демир Банк" жана "Бай Түшүм" банкы мындан баш тартышкан. Алар өздөрүнүн пайыздык маржасын түшүргөндөн баш тартышты. Биз азыр башка банкка
кайра каржылоо ыкмасы менен сүйлөшүп жатабыз. Азырынча чечим чыга элек. Бул маселе декабрь айынын ортосуна чейин чечилип калат деп үмүттөнүп жатабыз", - дейт Аида Төлөгөнова.