Бердибек Жамгырчиев, Рыскул кызы Нуркыз жана Максат Жангазиев "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланды

Улуттук адабият күнүнө карата жаш акындарга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов улуттук адабият күнүнө карата жаш акындарга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси сыйлыктарын тапшырды.
Сыйлык алган жаш акындар Бердибек Жамгырчиев, Рыскул кызы Нуркыз жана Максат Жангазиев болду.
Министр жаш акындарды келе жаткан 12- декабрь “Улуттук адабият күнү” менен куттуктап, чыгармачылык ийгилик каалады. Ошондой эле Азамат Жаманкулов министрлик тарабынан биргеликте ишке ашыра турган долбоорлор бар экендигин белгилеп, кызматташуу тууралуу пикир алмашты.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан