Өлкө башчы Садыр Жапаров «Билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө системасын жакшыртуу жана билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу боюнча кээ бир чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Аталган жарлык жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарынын студенттерине, ата-энеси жок балдарга жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, I жана II топтордогу майып жарандарга колдоо көрсөтүү, аталган билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Ошол эле учурда коомдук-мамлекеттик камкордукка муктаж калктын категорияларынын арасында ата-энеси жок балдар жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдар өзгөчө орунду ээлейт. Бул үй-бүлөсү жана туугандары тарабынан колдоонун жоктугуна байланыштуу алар жашоосунда көптөгөн кыйынчылыктарга туш боло тургандыгы менен шартталган.
Акысыз билим алуу үчүн шарттарды түзүүгө муктаж адамдардын категориясына, ошондой эле бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, I жана II топтордогу майып жарандар кирет.
Мында Кыргыз Республикасынын билим берүү жөнүндө мыйзамдарында аталган категориядагы жарандар үчүн жогорку окуу жайларына кабыл алууда белгилүү бир жеңилдиктер каралган.
Бирок аталган категориядагы жарандарга реалдуу жардам көрсөтүү үчүн көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз.
Жогорку жана орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын студенттерине, ата-энеси жок балдарга, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга колдоо көрсөтүү, аталган билим берүү уюмдарынын финансылык ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
– 2021-2022-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарында акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнө тарифтер кийинки үч окуу жылында Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген студенттер үчүн көбөйүү жагына өзгөрбөөгө тийиш;
– ата-энеси жок балдарга, ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга, бала кезинен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга, I жана II топтогу майып жарандарга Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдары үчүн мамлекеттик билим берүү гранттарынын жалпы санынын 5 пайызы санындагы квоталар жыл сайын берилип турууга тийиш.
– менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын Кыргыз Республикасынын жарандары болуп эсептелген студенттерине акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн наркын 10 айдын ичинде (студенттин каалоосу боюнча) ай сайын бирдей бөлүк менен төлөө мүмкүндүгүн берүү;
– Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарынын чыгашалар жана кирешелер, анын ичинде социалдык эсеп боюнча чыгашалар сметасын аткаруусун көзөмөлдөө;
– Кыргыз Республикасынын жогорку жана орто кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү уюмдарын мамлекеттик үлүш катышкан банктарда тейлөөгө өткөрүү.