Бул жолку "Поэтерапия" рубрикабыздын каарманы акын Бакытбек Жунусалиев.
Жунусалиев Бакытбек Жамалбекович 1980-жылы Талас облусунун Талас районуна караштуу Көк-Кашат айылында туулган. 1997-жылы ошол эле айылдагы Атай Огонбаев атындагы орто мектепти бүтүргөн. 1999-2004-жылдары Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин синхрондук котормо бөлүмүн, 2006-жылы магистратураны аяктаган.
2006-2016-жылдары ОшМУга караштуу Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде, 2016-жылдан бери Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде окутуучу болуп эмгектенип келет.
Каарманыбыз мектеп жашынан бери ыр жазат. Ар кандай ыр конкурстарынын жеңүүчүсү. Ырлары ыр жыйнактарына чыгып, айрымдарына обон жазылып ырдалып келет.
Мындан тышкары бир нече китептин түзүүчүсү жана автору, таалим-тарбиялык багыттагы "Турмуш сабактары 1", "Турмуш сабактары 4" аңгемелер топтому, илимий таанып-билүү багытындагы "Табигат сырлары 1" китеби, "Сен кат жаздың" ырлар жыйнагы жана "Бумеранг" аңгемелер топтому жарык көргөн.
Ошондой эле котормо жаатында, балдар адабиятын кошкондо түрк, орус жана азербайжан тилдеринен 70тен ашык китеп которгон. Алардын 60тан ашыгы жарык көргөн.
2017-жылы Кыргыз жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.
Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы.
Бакытбек Жунусалиев: "Мен ыр жазууда конкреттүү түрдө ушул нерседен эргүү алам деп айта албайм. Эргүү ар кандай учурда келет, мисалы, кайсы бир таасирдүү ырды угуп калсам же өзгөчө нерсени көрүп калсам. Кээде бирөөлөрдүн тагдырын көрүп жазган учурлар болот. Ага мисал катары "Сен кат жаздың" ырын айтсам болот. Бирөөнүн айтканы боюнча жазылган ыр эле, кийин Жамила Муратова обон чыгарып, Минюра Рахимжанова аткарып чыкты.
Ал эми ырларым ар кандай тематикада. Көбүнчө балалык, мекен жана кыргыздын баалуулуктары туурасында жазгым келет. Айрым учурда ойлонбогон темада эргүү келгенде чиймелеп жаза коюп, кийин иштеп чыгып, бышыктап чыгарып коём".
МЕНИН ЖЕРИМ
Тагдыры далай элдин азган жерим,
Ташын да тарых кылып казган жерим.
Тамыры түптүү элди сүрүп чыгып,
Таалайлуу кыргызыма жазган жерим.
Таласым
Арышын аргымактай керген жерим,
Алтайдан Айкөл Манас келген жерим.
Дүбүртү бүт ааламды багындырган,
Дүйнөгө Айтматовду берген жерим.
Ош жергем
Ырыскы, берекеге толгон жерим,
Ынтымак очогундай болгон жерим.
Байырлап Сулайман Тоо чокусуна,
Бакыттын кушу бекем конгон жерим.
Нарыным
Кыргыздын ак калпагын кийген жерим,
Чокусу көк асманга тийген жерим.
Топозу байырлашып тоонун боорун,
Тоолуктар арасына сиңген жерим.
Жалал-Абадым
Дартына даба суусун сунган жерим,
Далайдын батасына тунган жерим,
Табылбас эч бир жерде жаңгак токой,
Табигат өзү тартуу кылган жерим.
Ысык-Көлүм
Байырлап ак куу уя курган көлүм,
Толкуну толкуп жээкти урган көлүм.
Көркөмү көздүн жоосун алып далай,
Көп элдин көңүл оюн бурган көлүм.
Токтогулум
Тоо булбул Токтогулду уккан жерим
Топтошуп торгой-булбул чыккан жерим.
Өзгөчө жаркыратып ар бир үйдү,
Өлкөмө жарык берген кутман жерим.
Баткеним
Өрүкзар берекесин чачкан жерим
Өзгөлөр өр талаша качкан жерим.
Ай нуру жерге тегиз төккөн кезде,
Айгүлү аппак гүлүн ачкан жерим.
Чүй жергем
Тоомунда тогуз жолдун болгон жерим,
Жолоочу жолу түшүп конгон жерим.
Бооруна басып баарын багып анан,
Борбору бир өлкөнүн болгон жерим.
Кыргыз жерим
Өзүңдө тамган менин киндик каным,
Өзүңө кайтып барар бир күн денем.
Өзгөчө кымбат менин жерим мага
Өзүңдөн дайым кубат алып келем.
АПАМА ТААЗИМ
Алпештеп ак бешикке бөлөп мени,
Арнаган алтын апам өмүр гүлүн.
Ааламда алмаштыргыс асыл адам,
Алдыңа таазим кылам мына бүгүн.
Баа жеткис изи калган бул өмүрдө,
Балалык кыялдарга багынамын.
Кубанып, эркелетип, жытым искеп,
Кучактап өпкөнүңдү сагынамын.
Тагдырдын мыйзамы ошол, мезгил жетсе,
Туурумдан учуп, турмуш курарым чын.
Кыйналсам караан кылып багыт алчу,
Кыбылам болуп мага турарың чын.
Өзүмчө бүлө күтүп, чоңойсом да,
Өзүңдүн кучагыңа барарым чын.
Күн нуру бере албаган жылуулукту,
Мен сенин мээримиңен табарым чын.
СЕН КАТ ЖАЗДЫҢ...
Сен кат жаздың, катыңда бар сүйүнүү,
Сезимдеги сырларыңдын түйүнү.
Сага бирөө жүрөк сырын ачканбы,
Сунганбы же бал катары сүйүүнү.
Сен кат жаздың, кубанычың батпаган,
Сүйүү мына – ишеничиң актаган.
Бар байлыкты эми бекем сактай бил,
Бакыт деген бир ордунда жатпаган.
Сен кат жаздың, катыңда бар жаңылык,
Сүйүү жалган?... Калдыңбы же жаңылып?
Кураштырып окуп жатсам сөздөрүң,
Кулагымда ыйың турду жаңырып.
Сен кат жаздың, катыңда бар кусалык,
Калгандыйсың кайгы-муңга тушалып.
Бир кездеги сүйүү балын таткызган,
Билинбестен кеткен экен уу салып.
Мен кат жаздым, тагдырыңа таарынба,
Башка түшөт кыйынчылык баарына.
Жашык болбо, сабырдуу бол. Кудайдын
жазганы бар сенин дагы багыңа.
БИЗ ЧОҢОЙГОН АЛМА БАК
Ким сагынбайт ал бактылуу күндөрдү,
Кучагында ойнотпогон кимдерди?
Барбы бирөө? Айткылачы, бир жолу,
Балалыкка кайткан жанды ким көрдү?
Шактарына чоң короону жашырган,
Бутагына кумган, чака асылган,
Ошол кезде чоң алма бак бар эле,
Ойногону биз баарыбыз шашылган.
Анда биздин курсагыбыз ток эле,
Акча табуу оюбузда жок эле.
Балалыкты балалыктай өткөргөн,
Баарыбыздын мүнөзүбүз шок эле.
Үйдө, сыртта же ойногон жайдабы,
Анда азыркы оюнчуктар кайда бу...
Колго тийген кооз жалпак таштар да,
Айланчу эле чоң байлыкка андагы.
Аянтчага түркүн таштар толуучу,
Таштар бизге мыкты оюнчук болучу.
Таштан болуп машинебиз, үйүбүз,
Таштар менен тапталчу эле жол ушу.
Жаандан кийин көлчүктөрдү айланып,
Жабалактап сууга жипсиз байланып,
Жалбырактан кеме кылып жөнөтсөк,
Жарышчу эле жел кайыктай айдалып.
Көк алмага жетебиз деп шашылып,
Бутактарда жүрчү элек асылып.
Кошунанын малинасы – даамын айт...
Жеген кезде арасына жашынып.
Күүгүм талаш болгонуна карабай,
Ойночу элек көчөлөрдү аралай.
Ар короого жашырынып жүрчү элек,
Кеч кирсе да кумарыбыз тарабай.
Ошол күндөр, ошол бала чак калып,
Оюн калып, биз ойногон бак калып,
Акырындап кол булгалап баратты,
Элес болуп көкүрөктө сакталып.
Балалыктын бакчасына кеч кирип,
Билинбестен биз чоңойдук эс кирип.
Биз ойногон ошол алма бак эми,
Бириндептир кадимкидей эскирип.
Шактарына бир короону жашырган,
Бутагына кумган, чака асылган
Азыр ошол алма бактын ордуна,
Бир чоң үйдүн пайдубалы казылган.