Ошто кыргыз күрөш боюнча эл аралык турнир башталды (фото)

Кечээ, 11-декабрда Ош шаарында кыргыз күрөш боюнча Эл аралык турнир башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.

"Мелдешке өлкөнүн жети дубанынан, Бишкек, Ош шаарларынан жана Өзбекстандан жалпы 150 спортчу катышып жатат. Иш-чараны Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети, Ош шаарынын жана облусунун Кыргыз күрөш федерациясы уюштурган", - деп билдиришти шаардык мэриядан.

Турнирдин ачылышына вице-мэр Сонунбек Жунусбаев жана спорт тармагынын өкүлдөрү, спорт ардагерлери, машыктыруучулар, спортчулар катышкан.

Мелдештин жеңүүчүлөрү уюштуруучулар тарабынан баалуу белектер, акчалай сыйлыктар менен сыйланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан