Боорунан жабыркаган алып баруучу Назира Кадыевага Түркияда операция жасалды

Телеалпаруучу, ди-джей, ырчы, тамада Назира Кадыевага операция жасалды. Ал 3 күн мурда ден соолугуна байланыштуу Түркияга учуп кеткен.

"Өмүр үчүн күрөшүп 3 күн өттү. Сиздердин тилек, бата менен кыйын учурлар артта калды деп ишенем. Бардыгыңыздарга, бир туугандарыма, жакындарыма рахмат. Операцияны Түркиядагы клиникада эмгектенген кыргыздын сыймыктуу уулу, онколог, хирург Эркин Исмаил байке жасады", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Назира Кадыева буга чейин боорунда шишик бар экенин, операция Түркия же Индияда жасаларын айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан