Мээрим Жуманазарова, Бердибек Жамгырчиев... Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын тапшыруу аземи өттү

Кечээ, 12- декабрда "Чыңгыз Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгын" тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов катышты.
Сыйлыкка ар тармактагы бир катар жаштар татыды.

Спорт жаатында:

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев - дипломант;

Кыз-келиндер күрөшү боюнча балбан, Дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова - лауреат.

Адабият жаатында:

Балдар жазуучусу Марлен Матназаров - дипломант;

Акын, Алыкул атындагы адабий сыйлыктын лауреаты Бердибек Жамгырчиев - лауреат.

Көркөм искусство (айкелчилик, сүрөтчүлүк) жаатында:

Сүрөтчү Урмат Серенов - дипломант;

Айкелчи Тамила Маматова - лауреат.

Музыкалык искусство жаатында:

Манасчы Азиз Биймырза уулу - дипломант;

Комузчу Дүйшөнбек Закирбек уулу - лауреат.

Театр жана цирк искусствосу жаатында:

Балет бийчиси Фарух Садыркулов - дипломант;

Драма актёру Эржан Осмонов - лауреат.

Журналистика жаатында:

Гүлнара Пратова - лауреат.

Кино искусствосу жаатында:

Сценарийчи Адил Алымбеков - дипломант;

Кинорежиссёр Асел Жураева - лауреат.

Илим жана жаңы технологиялар жаатында:

Нурбек Асангазиев - дипломант;

Советбек Анарбек уулу - лауреат.

Жаштар саясаты жаатында:

Азиза Ибрагимова - дипломант;

Амангелди Жумадилов - лауреат.

Курулуш, архитектура, дизайн жаатында:

Элдос Мамазакиров - дипломант;

Архитектор Дайырбек Арзыкулов - лауреат.

Белгилей кетсек, сыйлык кыргыз өкмөтүнүн 2000-жылдын 23-августундагы токтому менен негизделген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан