Эртең, 14-декабрда өлкөгө Кытайдан COVID-19'га каршы вакцина келет. Бул тууралуу Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин жыйынында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов билдирди.
Анын айтымына караганда, 1 миллион 400 миң доза вакцина гуманитардык жардам катары келет.
Ошондой эле калктын 25 пайызы вакцина алганын кошумчалап өттү.
Эске салсак, өлкөдө эмдөө кампаниясы 29-мартта башталган.