Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.
• Баткен облусунда – 2;
• Жалал-Абад облусунда – 1.
Акыркы суткада ооруканалардан 4 медкызматкер жана үй карантининен 17 медкызматкер айыгып чыгарылды.
COVID-19 диагнозу жалпы 3 миң 188 медкызматкерге коюлуп, алардын ичинен 2 миң 760 бейтап айыгып чыкты.