Депутат Жогорку Кеңештин төрагасына: "Өкмөттүн ордуна жооп бербеңиз"

Депутат Исхак Масалиев Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабековду өкмөттүн ордуна жооп бербөөгө чакырды. Бул тууралуу депутат бүгүн, 1-апрелде парламенттин жыйынында билдирди.

"Дастанбек Артисбекович, өкмөттүн ордуна жооп бербей эле коюңузчу. Анда сизди өкмөт башчы кылып коёлу. Күйгөнүңүздү түшүнүп турам. Бирок өкмөт жооп бериш керек. Суроо-жоопту эмнеге токтотуп салдыңыздар? Төрага катары суроо берип алышсын деп сурансаңыз болмок. Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан кемчиликтерге депутаттар жооп бермей болуп калды. Бул туура эмес, өкмөт силер айлык алып жатасыңар, жооп бербейсиңерби?" - деди депутат.

Жыйында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына жеңилбес күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору каралып жатат.

Буга чейин депутат Рыскелди Момбеков байларды коргогон мыйзам долбоору экенин айткан. Төрага ишканалар иштебей, токтоп калганын айтты. "Ошолор төккөн салыктардын негизинде мектептер, жолдор курулуп жатат, мамлекеттик ишканалар айлык алып жатышат", - деди төрага.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан