2026-жылга чейинки өлкөнү өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча коомдук талкуу өткөрдү

Бүгүн, 13-декабрда өлкөнү өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын коомдук талкуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов талкууда аталган план элдин талабына, мамлекет башчысынын саясатына ылайык келип, конкреттүү иш-чараларды жана милдеттерди камтуусу керектигин билдирди. Ошондой эле аны ишке ашыруу жарандардын бакубаттуулугун жана улуттук программанын максаттуу индикаторлоруна жетишүүнү камсыздашы керектигин белгиледи.

"Өлкө президенти тарабынан экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана социалдык маселелерди чечүү аркылуу ар бир жарандын жашоо-шартын жакшыртуу боюнча так милдеттер коюлду. Ар бириңиздерди документти талкуулоого активдүү катышууга жана өз сунуштарыңыздарды киргизүүгө чакырам. Ал үчүн биз ачыкпыз. Белгилей кетсек, документ азырынча тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун сунуштарынын негизинде даярдалган долбоор", - деди Эдил Байсалов.

Мындан тышкары ал ар бир сунуш иликтенип, олуттуу түрдө иштелип чыгарына ишендирип кетти.

Иш-чарага ошондой эле министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, президенттин 12-октябрдагы жарлыгынын натыйжасында Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы бекитилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан