Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов менен "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байгеге ээ болгон Акжол Махмудов бири-бирине машыгуу менен жооп берүүдө.
Алгач Роман Власов социалдык тармактагы баракчасына кыска видео жүктөп, Акжол Махмудов менен боло турган беттешке даярдык экенин жазды.
"Акжол Махмудов, мен даярданып жатам", - деп жазды Власов.
Көп өтпөй эле ага Акжол Махмудов жооп берди. Анда кыргыз балбаны залда машыгып жаткан кыска видеосу менен бөлүшкөн.
"Роман Власов, биз дагы машыгуудабыз", - деп жазды Махмудов.
"Январь айында сен Москвага келгениңде мен чыныгы машыгууну көрсөтөм", - деп жооп берди Власов.
Сентябрь айында Роман Власов Акжол Махмудов менен килем үстүндө күрөшүү ниети бар экенин билдирген. Кийинчерээк Власов Акжол Махмудов менен боло турган күрөштү эртелетүү керектигин белгилеген. Эки балбан 12-декабрь күнү видео байланыш аркылуу сүйлөшүп, анда беттешти май айында өткөрүүнү чечишкен.