Телеалпаруучу Назира Кадыева операциядан кийинки абалы тууралуу айтып берди

Боорунан жабыркаган телеалпаруучу, ырчы Назира Кадыевага Түркияда операция жасалды. Хирургиялык кийлигишүүдөн кийин Назира айымдын абалы, дарылануусу тууралуу билдик. Буюрса, кийинки аптада өлкөгө кайтып келерин айткан алып баруучу буларга токтолду.


"Биринчи жолу боорумда шишик бар экенин укканда эшикке чыгып кайда баратканымды билбей ыйлагам. Балдарым жаш деп ойлодум. Мындай учурларда балдарыңды, жакындарыңды ойлойт экенсиң. Үйдөгүлөр өтө оор кабыл алышты. Томографиялардан өттүм, дарыгерлер шишикти тез арада алып салуу керек деген чечим чыгарышты.

Жакшы хирург издеп калдык. Кыргыз дарыгерлери Эркин Исмаилди сунушташты. Ал күчтүү онколог, трансплантолог, Түркиядагы "Ажибадем" клиникасында көп жылдан бери эмгектенет экен. Операция жасап шишикти алып салды, Кудай жалгап, метастаз жок, башка органдарымды да тартып таза дешти. Сүйүнгөнүмдөн ыйладым.

Бул жакта медицина, туризм аябай өнүккөн да, ошол себептен мен үчүн хирург маанилүү эле. Кудайыма шүгүр, элдин бата, тилек, колдоосу менен жакшы болуп баратам. Буюрса, кийинки аптада өлкөгө кайтабыз. Менин жанымда жолдошум Улан бар. Ал Анкарадагы полиция академиясын аяктаган, түркчө жакшы билет. Ошол себептен "өзүм алып барып келем" деп жанымда жүрөт", - дейт ал.

Белгилей кетсек, Назира Кадыева буга чейин боорунда шишик бар экенин, операция Түркия же Индияда жасаларын айткан. Тез аранын ичинде Түркияга барып, операция жасаткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан