Көз карандысыздыктын 30 жылдыгында мамлекеттик кабыл алуу иш-чарасына кимдер чакырылган?

Бүгүн, 15-декабрда Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгы жылында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда мамлекеттик кабыл алуу болуп өттү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева, Жогорку Соттун төрайымы Нургүл Бакирова, Конституциялык палатанын төрайымы Карыбек Дүйшеев, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, башкы прокурор Курманкул Зулушев, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, фракция лидерлери жана Жогорку Кеңештин депутаттары, өлкөнүн мурдагы президенттери, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, ошондой эле дипломатиялык корпустун жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан