"Адамга карата да эреже жазылабы, тобо-о!". Жанар Акаев мандат алгандардын тизмесине кирбей калганы боюнча пикирин билдирди

БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарып, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктаган.

Борбордук шайлоо комиссиясы партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30 пайыздык гендердик квота тууралуу жобосу өзгөргөн. Анда үч мандат алган партиядан 1, жети мандат алган партиядан 3 аял депутат келери айтылган. Мындан улам жети мандат алган "Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаевдин ордуна аял талапкер Токтобүбү Оргалчанын мандат алары айтылган.

Бул боюнча бүгүн, 16-декабрда Жанар Акаев Фейсбук социалдык тармагы аркылуу билдирүү таратты.

"Жеңүүчүлөр аныкталгандан кийин бир адамга карата атайын эрежени өзгөртүү эч бир логикага сыйбайт жана жеткен коркоктук! БШКнын эрежени шайлоодон кийин өзгөрткөн чечими менде эле эмес, элдин баарында күмөн ой жаратты. Мындай адилетсиз буйрукту аткарган БШК мүчөлөрү жана буйрук бергендер, силердин уятыңарда болсун!

БШКнын шайлоого чейин кабыл алган жобосунда партия 7 мандат алса, экөө аял болот деп так жазылган. Мыйзамды жөнгө салчу эрежени 13-декабрда БШКнын жетекчилиги түнкүсүн мүчөлөрүн чогултуп, басым кылганына карабастан мүчөлөрү каршы болуп, токтомду өзгөртүү сунушу өтпөй калган. Аны менен тынчыган жок. Эки күн убакыт алып, БШКнын ар бир мүчөсүнө жогорудан салам-дубай айттырып, маселени бышырып, кайра дагы алып чыгышты.

Кайра-кайра добушка коюп жатып эптеп өткөрдү, бир гана Альянска, анын ичинен мага гана тиешелүү маселени БШК атайын өзгөрттү. Адамга карата да эреже жазылабы, тобо-о!

Шайлоо бүтүп, кимдер өткөнү жарыя болгондон кийин да токтомду өзгөрткөнү акылга сыйгыс көрүнүш. Мунун баарына жакынкы тарых баасын берет буюрса. Акыйкаттык азыр чыкпаса, кийин чыгат. Мен жаңы саясий маданиятты калыптандырууну каалаган саясатчылардын биримин.

Гендердик баланс, аялдардын квотасы үчүн күрөшүп, азыркы мыйзамдарды колдогом. БШКнын чечимине мен Токтобүбү Оргалча эжени айыптабайм, маселе анда эмес, БШКда. Партиялык баалуулукту жогору коюп, Альянстын ишмердигин күчөтө беребиз. Мени колдогон элиме чексиз ыраазымын, эч бир каражатсыз беш миң адамдын таза добушу мага дайыма сыймык! Дайыма эл тарапта, чындык тарапта болуп келгенбиз, саясий ишмердигибиз күчөйт, саясатта айтчу сөздөр али алдыда! Аманчылык тилейм", - деп жазды Жанар Акаев.

Жанар Акаевдин ордуна депутат боло турган айым ким?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Tyttty1990
2021-12-16 10:31:29
Ырас болду. Сен шакалга жакшылык жок. Атамбайды чыгарыш керек дегенден башка сөз жок сенде
+19
alimbek94
2021-12-16 12:22:36
Бироону шакал деп кемсинтеерден мурда өзүң жөнүндө ойлон. Атамбаев эң мыкты президент болгон.
-13
make2
2021-12-16 10:47:34
Шайлоо таза өттү деп жаттың эле мына сага, эми эмне дээр экенсиң
+19
mirlan_86
2021-12-16 10:51:04
Жакшы болуптур агент АМэрика
+16
nazira...
2021-12-16 10:52:51
Ажап болуптур, сага аз бул. Тооба.
+15
Antiradikal10
2021-12-16 11:15:20
Бийликтин камчысын чаап, озу бул мыйзамды колдогон. Эми туштон кийин тан калып отурат. Подхалим жана кун карама десем, апенди да турбайбы...)))
+10
muku.85
2021-12-16 11:59:20
Эл учун эмес бийлик учун келгендер тез эле билинип калат.Тез тез пикирлери озгоруп турат
+8
Tursunbaev1978
2021-12-16 12:06:41
Балашка башкача ырдап калганбы?
+6
assanov97
2021-12-16 12:21:14
Депутат болбой калгандарга кулуп жатты эле
+3
bond02
2021-12-16 12:45:27
Эми корот экенбиз да бир созундо туруп шайлоо таза отту дейт бекенсин же эки суйлойт бекенсин.
+4
Bishkek-Kg
2021-12-16 15:12:13
Элде эч кандай күмөн ой жок, күмөн сенде эле болуп жатат!!!
+4
zilish_kg
2021-12-16 23:41:59
Чын жүрөктөн баары бир!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан