Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу режиссёрлук кылган "Акыркы көч" тасмасы Курдистанда (Ирак) өтө турган Слемани эл аралык фестивалына катышат. Фестиваль Курдистанда 17-23-декабрь аралыгында өтүп, анда кыргыз тасмасы сынактык программада көрсөтүлөт.
"Жакынкы Чыгыштагы грандиоздуу фестивалга катышууга жолдомо алганыбызга абдан кубанычтабыз. Учурдун мен-мен деген режиссёрлору менен күч сынашууга мүмкүнчүлүк берген фестивалдын уюштуруучуларына, тандоо комиссиясына рахмат", - дейт режиссёрлордун бири Дастан Жапар уулу.
Аталган фестивалда беделдүү кино сыйлыктарга ээ болгон, номинант болгон тасмалар "Три лица", "Магазинные воришки", "Лицо", "За облаками", "Герой", "Память" тасмалары да коюлат.
Белгилей кетсек, “Акыркы көч” тасмасы көптөгөн кинофестивалдарга катышып, Дакка эл аралык кинофестивалында Гран-прини жана Куала-Лумпурда атайын сыйлыкты алган, ошону менен катар Португалияда эки наам боюнча жеңүүчү болгон.