Эртең, 17-декабрда өлкөнүн тоолуу райондорунда жолдорго муз тоңот. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Айрым аймактарда туман түшүшү мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз +7…+12;
Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз +5…+10;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +6…+11;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз +2…+7;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -2…-7;
Бишкекте түнкүсүн -1…-3, күндүз +7…+9 градус болот.