Соңку 24 саат аралыгында коронавирус инфекциясы дагы 29 адамдан аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы суткада Талас, Ысык-Көл, Баткен облустарында ооруну жуктургандар катталбаганын кабарлайт.
Бишкек шаары – 16;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 7;
Ош облусу – 1;
Нарын облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 3.
Пандемия башталгандан тарта өлкөдө жалпы 184 миң 123 адам инфекциядан жабыркады.