Ошто жалган маалыматтарды тараткан, азык-түлүккө болгон бааны жогорулаткан адамдар аныкталды

Ош облусунун аймагында жалган маалыматтарды таратуу жана азык-түлүккө болгон бааны негизсиз жогорулатуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-февраль күнү Өзгөн районунун тургуну, учурда Орусиянын жараны 1980-жылы туулган А.К. Түштүк Кореядан Өзбекстан Республикасы аркылуу Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө пунктунан өткөн. Чек арадан өткөн маалында ал коронавирус боюнча текшерүүдөн өткөн жана эч кандай симптомдору аныкталган эмес. 28-февраль күнү медициналык кызматкерлер аны үйүнөн алып кетишип, клиникага жаткырышкан. Бирок ошол эле күнү райондук ооруканалардын биринин медайымы М.Н. WhatsApp аркылуу жогорудагы жаран коронавирус менен ооруп жаткандыгын айтып, жалган маалыматтарды тараткан. Аталган факты катталып, азыркы учурда текшерүү жүрүп жатат.

Ички иштер органдары тарабынан Ош облусунун аймагында абалды колдонуу менен товарлардын баасын жогорулатып, мыйзамсыз баюуну көздөгөн соодагерлер аныкталды.

Кара-Суу районунун 1973-жылы туулган С.Ш. аттуу жашоочусу 400 кап унду жана майды сатып алып, өз дүкөнүндө жогорулатылган баада саткан. Жогорудагы факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлө баштаган.

Ошондой эле Кара-Суу районунун 1966-жылы туулган С.Б. аттуу жашоочусу дагы биринчи сорттогу унду 1 650 сомдон сатканы аныкталган. Ал болжол менен 100 кап унду сатканы маалым болгон. Ал эми Ноокат районунун 1973-жылы туулган А.И., 1988-жылы Ю.З. жана 1990-жылы туулган С.Р., ошондой эле Алай районунун 1987-жылы туулган жашоочулары абалды колдонуу менен унду жогорулатылган баада сатышкан.

Ички иштер органдары тарабынан WhatsApp аркылуу базарда унду 2500-3000 сомго чейин сатып жатышкандыгы тууралуу жалган маалыматты тараткан жарандын аты-жөнү такталган. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында жогорудагы билдирүүнү Өзгөн районунун 1995-жылы туулган А.Н. аттуу жашоочусу таратканы маалым болгон.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Omar.
2020-03-16 16:21:20
Арам тамак аш болбойт, үй-бүлөөңөрдү адал эмгек менен баккыла. 4 тыйын пайда көрөм деп 4 эсе жоготууга учурайсыңар!
0
Mamytovv_n
2020-03-16 16:59:30
Аныкталды дейсинер дагы баш тамгаларын жазасынар бирок жакшы тутупсунар
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан