Бүгүн, 17-декабрда кыргыз футболунун 100 жылдыгына арналган футбол боюнча достук оюну өтүп жатат. Ага өлкө башчы Садыр Жапаров жана президенттин администрациясынын командасы катышууда. Иш-чаранын ачылышында президент сөз сүйлөп оюнчуларга ийгилик каалады.
“Бүгүн кыргыз футболунун 100 жылдыгы болуп отурат. 100 жыл мурун Пишпек шаарында алгачкы жолу футбол ойнолуп баштаган экен. Ошондуктан президенттик администрациянын жетекчиси ушул оюнду демилгелеп, эки максат менен көтөрүп отурушат. Биринчиси футболдун 100 жылдыгын белгилөө, экинчиси футболду пропагандалоо.
Мелдеште негизи кыргыз бир эле сөз менен терең философиялык маанини айтып койгон “күч атасын тааныбайт” деген. Күчтүүлөр жеңсин, адилет оюн болсун, жакшы жыйынтыктап алалы”, - деди Жапаров.