Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарып, бирдиктүү шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыктарын аныктаган. Анда 6 партиянын тизмеси жарыяланган.
SUPER.KG порталы "Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Депутаттык жаңы курамдан эл эмнени күтөт жана алар кандай иштейт деп ойлойсуз?" деген собол салды.
МОЛДАЛИЕВ: "Элдин ушул депутаттар келсе бир өзгөрүүлөр болуп, экономикалык жылыштар болот деген үмүттөрү бар"
Саясат таануучу Орозбек Молдалиев азыркы келе турган парламент элдин үмүтүн канчалык деңгээлде актай турганын убакыт көрсөтө турганын айтты.
"Элдин ушул депутаттар келсе бир өзгөрүүлөр болуп, экономикалык жылыштар болот деген үмүттөрү бар. Алар элдин үмүтүн канчалык деңгээлде актай турганын убагында көрөбүз. Бир мандаттуу шайлоого өтүп алсак, мурдагыдан жакшы болот деп ойлошкон. Ошон үчүн Конституциялык кеңешмеде ушул пикирди колдошуп, акылдашып партиялык системаны дагы калтырышкан. Бир мандаттуу округдардан шайланган депутаттар өздөрүнүн ишмердүүлүгүндө элге жакын болуп, көйгөй чече ала турганын көрсөтүшсө ушуну туура кылыптырбыз деп ойлоп калат. Эгерде эски адатына салып, шайланып алып бүттү деп басып кетишсе, эл оозунан алдырган бөрүдөй болуп отуруп калат. Партиялык системадан толук кетпегенибиздин жакшы жагы бар. Бир мандаттуу округдардан бир дагы аял шайланган жок. Кыргыз өлкөсүндө оокат кылдырып жаткан аялдар. Эгемендүүлүк алгандан баштап оокат кылып жүрүшөт. Ушул жери туура эмес болуп жатат. Партиянын ичинде квота бар. Аялдардын парламентке келишине жол ачат.
Азыркы парламентке келе тургандардын тизмесин карасак, көбүнчө оокаттуулар эле келиптир. Жөнөкөй жүргөндөрдөн жокко эсе. Ушул жагы өкүндүрөт", - дейт ал.
ДҮЙШӨБАЕВ: "Жогорку Кеңештин жаңы курамы элди жыргатып жиберерине көзүм жетпейт"
Коомдук ишмер Кеңешбек Дүйшөбаев азыркы келе турган парламент элдин тагдырын чече турган деле болбойт деген пикирде.
"Жогорку Кеңештин жаңы курамы элди жыргатып жиберерине көзүм жетпейт. Мурунку парламент кандай болсо, булар деле ошондой болот. Саны кыскарганы менен сапаты өзгөргөн жок. Парламенттик шайлоодо 99 пайыз бийликчил партиялар жеңишке жетишти. Жаңы Конституция боюнча парламенттин ыйгарым укуктары жок. Президенттик аппараттын алдындагы эле "нотариалдык контора" болуп калды десем жаңылышпайм. Жогорку Кеңештин элдин тагдырын чече турган парламент болбойт", - дейт ал.
ТУРДУКУЛОВ: "Парламентке оппозициялык партиянын келиши жакшы көрүнүш"
Жарандык активист Адил Турдукулов оппозициялык көз караштагы партиянын парламентке келиши жакшы көрүнүш экенин айтты.
"Жаңы Конституцияга ылайык, парламенттин анчалык укуктары жок. Укуктун баары аткаруу бийлигинде жана президентте болот. Президент кызматка киришип жатканда 3 жыл убакыт сураган. Эми 2023-жылы президенттин аткарган иштерин көрө жатарбыз.
Парламентке "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын келгени жакшы деп ойлойм. Анткени парламентте оппозиция болушу керек. Ошону менен эле жаштардын келгени дагы жакшы көрүнүш. Мурдагы олигарх депутаттар дагы парламентке келишти. Алардын оозун жаап койгонго бийликтин ресурстары жетиштүү. Андайлар көз карандысыз элдик трибуна болуп берери күмөн жаратат", - дейт Турдукулов.
САРИЕВ: "Азыркы келе турган парламент элдин парламенти деп ойлойм"
Саясат таануучу Марс Сариев азыркы келе турган парламент элдик парламент болоруна ишене турганын билдирди.
"30 жылдан бери парламент татыктуу болду. Эл тандады. Азыркы чакырылыш, мындан кийинки чакырылыш ушундай жол менен шайланып, Кыргыз мамлекети оңоло баштайт. Азыркы келе турган парламент элдин парламенти деп ойлойм. Мурдагы олигархтардын, чоңдордун кызыкчылыгын коргогон парламент эмес. Мурда мен Жогорку Кеңеш жабык акционердик коом болуп калды деп айтчумун. Азыркы чакырылыш элдики деп ишенем. Азыркы парламент калк үчүн иштерине эл ишенип турат. Бирок квота жагынан аялдар аз болуп калды. Башка улуттардан жок болду. Эмки парламентте бул көйгөйлөрдү чечиш керек", - дейт Марс Сариев.
КАКЧЕКЕЕВ: "Парламентке келе турган жаңы курам өзгөчө иштерди жасайт дегенден алысмын"
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев жаңы курам мурдагыдай эле иштерди жасай турганын айтты.
"Жаңы курам өзгөчө иштерди жасайт дегенден алысмын. 30 жылдан бери депутаттардын кылган иштерин көрүп жатабыз. Акылга сыйбаган иштер болгон. Биздин мамлекетибиз экономикалык, башка жактан оорчулукту көрүп жатат. Келген депутаттар эртең эле укмуштуудай иштерди жасап жиберет дегенден алыс болушубуз керек. Шайлоодон жеңип чыккандардын арасында мурунку депутаттар дагы бар. Ишти оңунан чыгарат деп ойлогон туура эмес", - дейт ал.