Ош облусундагы жолдордун абалы жана кышка даярдыгы боюнча аппараттык кеңешме өттү

17-декабрь күнү Ош облусунун аймагындагы жолдордун кыш мезгилине карата абалы жана даярдыгы боюнча аппараттык жыйын өттү. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Алайчиев, өкүлдүн орун басары Данияр Жаныкулов, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, райондук жол тейлөө мекемелердин, облустук жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо бөлүмүнүн жана облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын башчылары катышты.
Жыйында Ош облусунун аймагындагы автоунаа жолдордун кыш мезгилине карата абалы жана даярдыгы боюнча аппараттык жыйын болуп, жыйынтыгында тиешелүү мекеме жетекчилерине милдеттенмелер коюлду.
Ошондой эле кыш мезгилинде жолдор тайгак болгон учурда убагында жолдорду тазалоо, жол кырсыктарынын санын азайтууга иш-чараларды иштеп чыгуу, жолдорду инвентаризациядан өткөрүү жана жол белгилеринин абалын көзөмөлөө боюнча тапшырмалар берилди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан