Дүйнөлүк банк билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 16,5 миллион доллар бөлүп берет

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков министрликтин 9 ай ичинде аткарган ишин жыйынтыктап маалымат жыйын берди. Анда министр: “Дүйнөлүк банк билим берүү тармагын жакшыртуу үчүн Кыргызстанга 16,5 миллион доллар бөлүп берет”,- деп билдирди. 
Билим берүү тармагындагы реформа туруктуу мүнөздө жүрөрүн жана бул багытта иш пландар бекитилгенин кошумчалап: "Быйыл Европа биримдигинен бизге чоң суммадагы акча каражаты грант катары берилет. Учурда анын 3 миллион евросу бюджетке келип түштү. Дүйнөлүк банк тарабынан 16,5 миллион доллар жардам катары сунушталган. Аталган каражатты 2014-жылы алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт”,- деди Садыков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан