Соңку 24 саат аралыгында республиканын медициналык жайларында коронавирустук инфекциядан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 35и айыгып, үйлөрүнө чыгарылды.
Бишкек шаары – 19;
Ош шаары – 5;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу – 4;
Жалал-Абад облусу – 2;
Баткен облусу – 1.
Бүгүнкү күнгө карата стационардык дарыланууда 301 бейтап, ал эми амбулатордук дарыланууда 346 бейтап бар. Стационарда дарыланып жаткандардын ичинен 2 адамдын абалы канааттандырарлык, 141и орто оор абалда, 138и оор абалда жана 20 киши өтө оор абалда жатат.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, айыккандардын саны республика боюнча 179 миң 282 болду.