Криштиану Роналду: "Дүйнө жүзү татаал мезгилин башынан кечирүүдө"

Португалия курамасынын жана "Ювентус" футболдук клубунун чабуулчусу, атактуу футболчу Криштиану Роналду дүйнөнүн туш тарабына жайылып жаткан коронавирус оорусу боюнча билдирүү жасады. Бул тууралуу футболчу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

"Дүйнө жүзү татаал мезгилин башынан кечирип жатат. Бүгүн мен сиздерге футболчу катары эмес, ата катары, жөнөкөй жаран катары акыркы болуп жаткан окуялар тууралуу кайрылгым келди. Адам өмүрү баарынан жогору болушу керек. Мен бул оорудан каза болгондордун жакындарына көңүл айтам жана менин командалашым Даниеле Руганидей болуп жуктуруп алгандарды моралдык жактан колдойм. Өздөрүнүн өмүрүн тобокелге салып, башкалардын өмүрүн сактап калып жаткан медицина кызматкерлерине ыраазычылыгымды билдирем", - деп жазган футболчу.

Криштиану Роналду командалашы Даниеле Руганиден коронавирус аныкталгандан кийин, Португалиянын Мадейра аралында карантинге алынган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KYRGYZ_bolson_BRAT
2020-03-16 22:27:59
Красавчик Роналду!!! Сен чыныгы адилеттуу адамсын!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан