Депутат Марлен Маматалиев Бишкекте коомдук транспорттогу жол киренин баасын мектеп окуучуларына 10 сом кылууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-декабрда парламенттин комитет жыйынында билдирди.
"Жол киренин баасы 15 сом болуп көтөрүлдү. Мектеп окуучуларына дагы 15 сомдон калтырылды. Окуучуларга 10 сомдон кылалы", - деди Маматалиев.
Вице-мэр Таалайбек Орозов: "Жаңы мыйзам боюнча тарифтерди бекитүү укугу мэрияга берилди. Мектеп окуучуларына жана студенттерге жол киренин көлөмүн азайтууну карап жатабыз", - дейт.
Депутат Эмил Токтошев башка мамлекеттерде окуучулар коомдук транспорттордо бекер жүрө турганын айтты. Мындан улам ал мектеп окуучуларына тарифти 8 сом кылууну сунуштады.
Депутаттар бул боюнча мэрияга тапшырма берүү чечимин кабыл алышты.