"Универсал" командасынын оюнчусу, айылдык кеңештин депутаты Актилек Бекташев менен жубайы ата-эне макамын алышты. Түгөйлөр бүгүн, 20-декабрга караган түнү кыздуу болушту.
Сөз менен айтып жеткирип бере алгыс сезимдер болуп жатат деген Актилек мырза буларга токтолду.
"Бүгүн жашоомдогу эң бактылуу күн болду. Акылдуу аял кыз төрөйт дегендей, кыздуу болдум. Жубайым Оштогу төрөтканалардын биринде көз жарды. Учурда эне, баланын абалдары жакшы. Үй-бүлөбүз менен ысым тандап жатабыз. Анткени буга чейин наристебиздин жынысын үйдөгүлөргө айткан эмеспиз", - дейт ал.
Белгилей кетсек, Актилек Бекташев 2021-жылы январь айында сүйүктүүсү Зыягүлгө баш кошкон. Эки жаштын үлпөт тоюна 900 адам мейман болгон.
Актилек Бекташев Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаты, маданият, спорт комитетин жетектейт.