Бир апта тазалоо иштери жүргөн. "Кара-Кечеде" кайрадан көмүр казуу иштери башталды

Бүгүн, 20-декабрда "Кара-Кече" көмүр кенинде көмүр казуу иштери бир апталык тазалоо иштеринен кийин кайрадан жанданды. Бул тууралу "Кыргыз көмүр" ишканасынан билдиришти.

"Кара-Кечеде" көмүр жүктөө иштери башталды. Жүктөлгөн көмүр Бишкекке 22-декабрда келет", - деп билдиришти аталган ишканадан.

Буга чейин Нарын облусунун Жумгал районундагы "Кара-Кече" көмүр кенинде көмүр казуу тазалоо иштерине байланыштуу бир жумага токтотулганы кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан