Сот "Альянстын" БШКга каршы арызы боюнча чечим даярдаганы кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти

Бишкек шаарынын административдик сотунда "Альянс" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясына каршы арызы каралууда.

Отурум саат 13:00дө башталып, тараптардын жарыш сөзү орун алды. Кийин сот өкүмдү даярдаганы кеңешме бөлмөсүнө кирип кетти.

Сот процессине учурда тараптардын жактоочулары гана катышууда.

Белгилей кетсек, 15-декабрда БШК партиялык тизме менен шайланган талапкерлер арасында 30 пайыз гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобону өзгөрткөн. Ага ылайык, "Альянс" партиясынан Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалча депутат боло турган болгон.

Акаев бул чечемди сынга алып, "Альянс" партиясы аталган жобого каршы Бишкектин административдик сотуна арыз менен кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан