Жалал-Абадда "Курманбек" стадионуна газондорду сугаруучу автоматташтырылган система орнотулду

Жалал-Абад шаарындагы "Курманбек" стадионуна газондорду сугаруучу автоматташтырылган система орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Мэриядан кабарлашкандай, стадионду түнкү жарыктандыруу үчүн 32 даана кубаттуу чырак жана 15 чарчы метрди түзгөн электрондук экран орнотулду. Ошондой эле стадиондун бир четине кичи футбол аянтчасы да курулду.

Мындагы курулуштарды шаардык кеңештин депутаттары колдоого алып, жергиликтүү бюджеттен 6 миллион 132 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Буга чейин футбол адистери аталган стадиондо эл аралык мелдештерди өткөрүүгө айрым кемчиликтер бар экенин белгилеп келишкен. Учурда анын баары жоюлду.

Белгилей кетсек, аталган стадион 4,5 миң көрүүчүгө ылайыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан