UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Нарын облусунун Кочкор районуна барып көк бөрү көрдү. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.
Валентина Шевченко Көк-Жар айылында маркум журналист Улан Эгизбаевдин жаркын элесине арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалдык оюнун барып көргөн. Аталган мелдешке Нарын облусунан жалпы 10дон ашык команда катышып, Соң-Көл командасы жеңүүчү аталган.
Валентина Шевченко Кыргыз өлкөсүнө 22-ноябрда келген. Ушул убакыттан бери мушкер айым Ысык-Көлдө машыгуу өткөрүп, Бишкек жана Ош шаарларында күйөрмандары менен жолугууга жетишти.