"Сен апамды бакшыга окутуп майып кылып койдуң". Баткенде 61 жаштагы аял аёосуз сабалды

Фейсбук социалдык тармагында "Айдаркен шаарчасында тажиктер сүрөттөгү энени сабап салышкан" деген маалымат тарап жатат. Бул боюнча Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы маалымат таратты. Облустук милициянын билдирүүсүнө ылайык, социалдык тармакта тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Тагыраагы, аял тажиктер тарабынан эмес, өзүнүн тууганы тарабынан сабалган.

"18-декабрь күнү болжол менен саат 14:20 чамасына Кадамжай районунун Бирлик айыл аймагынын Сур айылынын тургуну, 30 жаштагы А.Ү. өзүнүн 61 жаштагы чоң энесин (жеңесин) Айдаркен шаарындагы соода базарынан "үйүңүзгө жеткирип коём" деп алдап, Деу-Матиз унаасына салып, жолдо бара жатканда “апамды бакшы, көзү ачык, молдого ысытма, суутма кылып сен майып кылып койгонсуң” деп уруп, сабап денесине жаракат келтирген.

Бул факты Кадамжай РИИБинде "бейбаштык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

Бактыбек Калмаматов камакка алынды, себеби эмнеде?
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Gulina00
2021-12-22 09:42:13
Ким кылса озу жооп берет Аллах алдында,небереси улгайган чон энесине кол которбой эле койбоптур.
+12
ayzhan12
2021-12-22 09:50:33
Азыр биздеги молдолор анык шарлатан, эки жүздүү болуп бүтүшкөн. Көзү ачыктарга барбагыла деп коюп, өздөрү ар кимге көзү ачыктык кылып, дарыламыш этип түш жортуп жүрүшөт. Мындай калпычы, алдамчы молдолорго ишенип кереги жок.
-18
Egizderim-baktim
2021-12-22 10:05:01
ayzhan12,причём тут молдолор эмне балее адамсын??? Ак десе жашыл деп бутпой койдунгоо
+13
Jibani
2021-12-22 10:26:27
ayzhan12,ой кок мэээ
+13
Monsterbek
2021-12-22 16:42:29
ayzhan12, Молдолорду айтпай андан коро чачты жайып сулуу болуп журуу жонундо айтчы. Кандай болуп атат анан? Бироо жарымды чаап алдынбы жайылган чач менен?
+5
nazira...
2021-12-22 18:24:45
ayzhan12,сен ошо айткан молдолорго барып өзүңө дем салдырып алсаң.
+5
Haanykeim
2021-12-22 10:32:54
Ой тобоо,ынсап берсин дегенден башка сөз айта албайсың...
+9
nazira...
2021-12-22 18:28:37
Тажикстан жакын болуп тажик молдолорго чуркай бербегиле да өзүңөр. Майып болгуча окуп берген кандай бакшы молдо болду экен өзү. Ошонон көрө алдап кайсы молдо, бакшы окуганын билип ошо окуган молдону таап токмоктосо өтө чоң сооп болмок экен.
+1
Datka7777
2021-12-22 23:57:53
nazira...,хайдаркен таджикстанга жакын эмес
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан