Бүгүн, 22-декабрда депутат Саматбек Ибраев Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын иши жыйынтыкталып жатканын айтты.
"Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын акыркы жыйындарынын бири. Жаңы депутаттарга жардам берүү максатында бизге парламентке кирип чыкканга уруксат болсо жакшы болмок. 6-чакырылыштын депутаттарына парламентке кирип чыгууга уруксат берүү боюнча токтом кабыл алуу керек", - дейт Ибраев.
Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Аида Касымалиева бул ашыкча экенин айтты.