Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңеш депутат Бакытбек Жетигеновду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук бербөө боюнча токтомду колдоду.
Анда депутат Ирина Карамушкина жана Асель Кодуранова аларга козголгон кылмыш иши боюнча комиссия карап чыгышы керектигин айтышты.
"Бүгүн биздин акыркы иштеген күнүбүз экен. Эркектерди чыгарып коюп, аялдарды калтырып койгон уят. Мен кесиптештерибиз чыгып, Ирина Карамушкина экөөбүздү кошуп коёт деп ойлогом. Эки айым Кой-Таш окуясы боюнча 2 жарым жылдан бери сот менен жүрүшөт. Бүгүн убакыт бар. Башкы прокурорду чакыралы. Сунуш беришсин. Биздин маселени карап берип койбойсуңарбы". - дейт Кодуранова.