Акылбек Жапаров: "Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы туруктуулукту орноткон парламент болду"

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров депутаттарга кайрылуу жасады.

"Сиздер менен бирге ушул ыйык залдын ысыгына күйүп, суугуна тоңуп 6 жыл бирге иштештик. Бүгүн Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын акыркы сессиясында саясий баа берүү, кечээги депутат катары коомдогу ролун белгилөө мен үчүн сыймык. Баарыңыздарга ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Президент Садыр Жапаров сиздер менен жолукканда Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы тарыхый парламент болду деген өзүнүн баасын берген. Мен да ошол сөзгө кошулам. 6-чакырылыш бийликти тынчтык жолу менен өткөрүүгө жардам берди. Мамлекетте туруктуулукту орноткон парламент болду. Жогорку Кеңеш боюнча менин оюм бийик", - дейт Акылбек Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан